10:46 29 июня 2022

Билим сапатын баалоо боюнча генералдык рейтингде ОшМУ алдыга чыкты

“Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги” (НААР) тарабынан өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун суроо-талап рейтинги – 2022” программасынын жыйынтыгы боюнча ОшМУ институционалдык рейтингдин жалпы генералдык рейтингинде 1-орунду ээледи.

Рейтингде ОшМУ бакалавр боюнча катышкан 72 программанын ичинен 26 программасы боюнча 1-орунду, 7 программадан 2-орунду ээледи. Ал эми магистратура боюнча катышкан 46 программанын ичинен 27 программадан 1-орунду, 1 программадан 3-орунду камсыздады.

Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтингинин мониторинги - 2022, Кыргызстандын ЖОЖдорунун профессордук-окутуучулук курамынын басмаканалык активдүүлүгү жаатында ТОП-50 рейтинги да чыккан. ТОП-50гө жалпы 400гө жакын профессордук-окутуучулук курам кирсе, анын ичинен 148 окумуштуу ОшМУда эмгектенишет. ТОП-10 ОшМУда эмгектенген 4 окумуштуу ТОП-10го кирди. Ал эми ТОП-30га кирген 49 окумуштуунун 28 ОшМУда эмгектенет.

Өлкөнүн ЖОЖдорунда билим берүүнүн интернационалдаштырылышынын өнүгүшү, "Академиялык мобилдүүлүк" индикаторунун баалоосу боюнча да ОшМУ 1-орунда турат.

ОшМУ 2018-жылы Казакстандык эл аралык НААР агенттигинен институционалдык аккредитациядан Кыргызстанда биринчилерден болуп өткөн. 2018-2019-жылдан бери аталган агенттик Кыргызстандык жогорку окуу жайлардын улуттук рейтингин чыгарып келет. ОшМУ бул аралыкта 5 жыл катары менен генералдык рейтингинде 1-орунду камсыздады.

Жогорудагы маалымат “Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттигинин” (НААР) https://iaar.agency/rating/8/0/2022 сайтында берилген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть