16:25 3 июля 2022

ОшМУда 5 кабаттуу окуу имаратынын курулушу башталды

ОшМУнун Ак-Буура кампусунда медициналык билим берүү үчүн 5 кабаттуу окуу имаратынын пайдубалына капсула салынды.

Кампуста медицина факультети, эл аралык медицина факультети, медициналык клиника, 3 окуу лабораториясы жайгашкан.

Жаңы курулуп жаткан имартта окуу лабораториялар, окуу кааналары, лекциялык залдар, 5-кабатында заманбап китепкана, окуу залдары болот. Имараттын аянты — 2008 чарчы метр, курулуштун жалпы сметасы — 84 млн сом.

«Сапаттуу билим берүү, сапаттуу медициналык кадрларды даярдоо, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү деген долбоор менен чыкканбыз. Учүрда окуу жайдын медициналык клиникасы шаар тургундары үчүн кызмат көрсөтүп жатат. Жакынкы аралыкта ОшМУнун базасына өткөн шаардык оорукананын ордуна да клиникалык базаны кеңейтүү үчүн чоң курулуштарды баштайбы», - деди ректор Кудайберди Кожобеков.

Ак-Буура кампусунда жетинчи болуп курулуп жаткан жаңы окуу имаратын 2023-жылы бүктөрүү пландалган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть