16:28 3 июля 2022

ОшМПУ менен Өзбекстан илимдер академиясынын илимий кызматташуусу артууда

2022-жылдын 20-24-июнь күндөрү Ташкент шаарындагы Өзбекистан илимдер академиясына караштуу академик С.Ю.Юнусов атындагы «Өсүмдүк заттарынын химиясы» илимий-изилдөө институтунун профессору Комила Эшбакова иш сапары менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде конокто болуп, студенттерге жана аспиранттарга лекция окуду.

Иш сапардын алкагында К.Эшбакова окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуевдин кабыл алуусунда болуп, анда билим берүү, илим изилдөө жана аталган институт менен университеттин «Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу» кафедрасынын ортосундагы буга чейин түзүлгөн 5 жылдык келишимдин ишин арттыруу багытында талкуулар жүрдү.

Ошондой эле аталган келишимдин негизинде профессор К.А.Эшбакова ОшМПУнун бүтүрүүчү курсунун студенттерине, магистранттарга жана аспиранттарга «Вторичные метаболиты: строение, биосинтез, методы разделения, анализ химической структуры и фармакологическая активность» аталышында 2 күндүк лекция окуду.

Андан соң иш сапар Чүй облусундагы Суусамыр жайлоосунда уланды. Мында К.Эшбакова ОшМПУнун «Биология, химия жана жаратылышты пайдалануу» кафедрасынын башчысы, профессор Анайрбай Бабековдун жана кафедранын аспиранттарынын, магистранттарынын коштоосунда 3 күндүк Суусамыр жайлоосундагы Кыргыз Ала-Тоо тоо кыркаларындагы дары өсүмдүктөрдү изилдөө боюнча илимий экспедицияда болуп, Кыргызстандын жана Өзбекстандын флорасын салыштыруу жана анализдөө иштери жүргүзүлүп, илимий иш сапар аяктады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть