16:46 8 июля 2022

ОшМПУнун тарыхчылары Татарстанда Биляр шаарынын калдыктарын изилдөөчү экспедицияга катышууда

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин тарых кафедрасынын окутуучулары жана студенттери атайын илимий иш сапар менен Россиянын Татарстан Республикасында болушуп, анда тарыхый шаарларды изилдөө боюнча казуу иштерин жүргүзүп жатышат.

Аталган тарыхый изилдөөдө Татарстан Республикасынын Алексеев районунун Билярск айылында Биляр тарыхый шаарынын калдыктарын изилдөөчү археологиялык экспедиция жүрүүдө. Бул экспедицияны КФУнун Елабуга институтунун Тарых жана филология бөлүмүнүн «Жалпы тарых жана Ата Мекен тарыхы» кафедрасынын доценти, т.и.к. Альберт Нигамаев жетектеп жатат.

Археологиялык экспедицияга Казань университетинин, Елабуга институтун тарыхчылары жана ОшМПУнун тарых кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Самарбек Осмонов, окутуучу-магистр Канатбек Казакбаев жана тарых адистигинде окуган Кайратбек Медербеков, Шерикбек кызы Жанара, Советбек кызы Буниса жана Нуриза Минбаева катышып, өз билимдерин өстүрүү менен мыкты тажрыйба топтошууда.

Оштон барган делегациянын иш сапары 24-июндан 7-июлга чейин пландалып, ал Казань федералдык университети менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин билим берүү жаатындагы келишимдерине ылайык ишке ашууда.

Өкүлдөр алгач аймактагы тарыхый жерлер, музейлер менен таанышып чыгышса, учурда жергиликтүү изилдөөчүлөр менен бирге казуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Казылып жаткан аймактын аянты 144 чарчы метрди түзөт. Изилденип жаткан аймакта, араб саякатчысы Ибн Фадлендин маалыматына караганда, булгар падышасы Алмуштун мезгилинде 922-жылы Биляр шаары негизделген. Бул шаар X кылымда Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштырган соода борбору катары кызмат кылган. Шаардын жалпы аянты 700 га ээлеп, 100 миңге жакын калкы болгон. 1236-жылы монголдордун кол салуусунун натыйжасында шаар талкаланып, өрттөлгөн.

Азыркы күндө «Биляр мамлекеттик тарыхый-археологиялык жана табигый музей коругу« аттуу музейинде Биляр шаарчасынан табылган археологиялык табылгалар, экспонаттар сакталууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть