22:57 20 июля 2022

ОшМУнун бүтүрүүчүсү Хосео университетинде акысыз окууга грант утуп алды

ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин бүтүрүүчүсү, окуу жайдын социалдык баракчаларын алып барган СММ кызматкери Алмаш Закирова Бишкек шаарында Түштүк Кореянын Хосео университетинин колдоосу менен уюштурган фестивалга катышып, баш байгени жеңип алды.

Фестивалда биринчи орунду ээлеген Алмаш Закирова Кореянын Хосео университетине 6 айлык тил үйрөнүүчү курсуна грант менен окууга 2400$ акчалай сыйлыкка ээ болду.

“Кореядан билимимди улантуу менин бир топ жылдан бери келе жаткан кыялым болчу. Бул кыялымды ишке ашыруу үчүн окуудан сырткары курстарда окуп келдим. Быйыл окууну аяктап Хосео университетине аталган 6 айлык тил үйрөнүүчү курсуна барууну ниет кылып жаткам. Бирок каржылык маселеси ойлонтуп турган. Эми минтип тилегим ишке ашып грант менен окууга жолдонмо утуп алдым. Буйруса бул окуу курсунан кийин магистратураны да улантып, келечекте элиме кызмат кылган мыкты адис болууга сөз берем”,-дейт Алмаш Закирова.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть