15:07 20 июля 2022

ЖАМУнун ректору Азия чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болгон Акыл Сулаймановду кабыл алды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңешбек Усенов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болгон Акыл Сулаймановду кабыл алды.

Ректор спортчуну жеңиши менен куттуктап, бул жеңиш жалпы кыргыз элинин жана окуу жайдын сыймыгы экенин белгиледи.

«Азия чемпиондугунда өз чеберчилигиңди, мыктылыгыңды көргөзүп, күмүш байгени багындыруу менен жалпы кыргыз элине кубаныч тартууладың. Бул жетишкен ийгилиңер спортчуларга чоң ишенич жана үлгү боло алды. Мындан ары да таштабай, спортту өнүктүрүп, дүйнөлүк мелдештерде алтын байгелерди багындырышыңа тилектешпиз», - деди Кеңешбек Усенов.

Ректор А.Сулаймановго жана машыктыруучусу Алтын Салаевге колдоо катары өзүнүн атынан баалуу белектерин тапшырып, университеттин атынан акчалай сыйлык ыйгарды.

А.Сулайманов ректорго кабыл алып, спортко көңүл буруп, колдоо көргөзгөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бахрейн өлкөсүнүн Манама шаарында грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда ЖАМУнун дене тарбия адистигинин студенти Акыл Сулайманов күмүш байгеге ээси болгон. Машыктыруучусу — ЖАМУнун окутуучусу Алтын Салаев.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть