14:42 9 августа 2022

Америкалык DevX IT мектеби ОшМУда IT адистерин даярдайт

Автор: ОшМУ

Америкалык DevX IT мектебинин адистери ОшМУда профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана IT тармагына кызыккан жаштар менен жолугушту.

Жолугушууда Америкалык DevX IT мектебинин негиздөөчүсү, Apple компаниясынын менеждери Аскар Мусакунов IT мектеби уюштуруп жаткан окуу курсу боюнча маалымат берди.

Окуу курсу IT тармагы боюнча өтөт. Окутуу англис тилинде онлайн болот. Анда дүйнөлүк ири Apple, Meta, Microsoft компанияларында иштеген тажрыйбалуу адистер лекция окушат. Мөөнөтү 18 ай. Учурда окуу курсуна ОшМУда кабыл алуу жүрүүдө.

Окуу курсунун бир айлык төлөмү ОшМУ менен КМТУга тапшыргандар үчүн 210 АКШ доллары. Консо́рциумга кирген региондогу ЖОЖдорго тапшыргандар үчүн 110 АКШ доллары.

Курстун угуучулары башталгыч колдонуучулар да, иштеп жаткан программисттер да квалификацияны жогорулатуу үчүн окутуудан өтө алат. Анын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында маалыматтык технологиялар рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн деңгээли жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт деп күтүлүүдө.

Америкалык DevX окуу жайы ушул жылдын 12-июлунда кыргызстандык жети ЖОЖ менен IT адистерин даярдоо боюнча келишимге кол койгон.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть