18:46 1 сентября 2022

ОшМУда студенттердин сабакка катышуусу QR-код аркылуу аныкталат

ОшМУнун факультет, коллеждеридеги окуу кааналарга атайын QR-коддор орнотулду. Бул студенттердин сабакка катышуусун жөнгө салып, билим алуучулар ар бир сабакка кирүүдөн мурун QR-кодду белгилешет.

Буга чейин окутуучулар студенттердин жетишүү, катышуусун кадимки журналдарда белгилешкен. Жаңы окуу жылынан тарта электрондук журналдарды пайдаланышат. Электрондук журнал «ОшМУ окутуучу» мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашат. Окутуучу сабакка кадимки журналды толтургандай толтурат. Эгер студенттер QR-кодун белгилеп келген болсо, автоматтык түрдө ал студент белгиленип чыгат.

Эгерде окутуучунун телефону жок болсо же техникалык себептерден улам иштебей калса, ушул эле процессти порталдан жасоого болот. Ал жактан «сабак түзүү» («создать урок») бөлүгүн жана теманы тандап, студенттердин катышуусун белгилеп, андан соң программаны жаап чыгуу керек.

Мындан сырткары, жаңы окуу жылынан 1-курстар үчүн окутуучуларды тандоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Эгер бул иш-аракет сыноодон ийгиликтүү өтсө, кийинки окуу жылынан баштап толук ишке аша баштайт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть