18:12 7 сентября 2022

ОшТУда Корей борбору жаңы студенттерди кабыл алды

Ош технологиялык университетинде Корей борборунун күзгү семестринин ачылуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага окуу жайдын жалпы жамааты, Корей борборунун окутуучулары, студенттер жана мектеп окуучулары катышты. Корей тилиндеги ырлар жаңырып, корей маданиятын чагылдырган бийлер бийленип, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды. Корей борборунун жамааты тарабынан университет жетекчилигине ыраазычылык айтылды.

Корей борбору ОшТУда мындан бир топ жыл мурун ачылып, корей тилин студенттерге, окуучуларга үйрөтүүдө көптөгөн иштерди аткарып келет. Башка элдин тилин үйрөнүү үчүн сөзсүз ошол элдин маданиятын үйрөнүү зарыл. Ошондуктан бул борбордо билим алып жаткан студенттер бир эле тил үйрөнүү менен гана чектелбестен, ал улуттун маданиятын дагы кошо үйрөнүшүүдө. Бул борбордон билим алган студенттер республикалык ыр сынактарда бир нече жолу жеңүүчү болуп, байгелүү орундарды камсыз кылышкан. Ошондой эле бул борбор аркылуу ОшТУнун студенттери Түштүк Корея мамлекетине мобилдүүлүк программасы боюнча билимдерин улантып жатышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть