18:10 7 сентября 2022

ОшМУнун 4 кызматкерине жогорку мамлекеттик сыйлык ыйгарылды

2-сентябрда Бишкекте өлкөгө жана элге сиңирген өзгөчө эмгеги менен өз тармагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. Мамлекеттик жогорку сыйлыктарга ээ болгон жарандардын ичинде ОшМУнун 4 кызматкери да бар.

Өлкө башчысынын колунан «Даңк» медалы менен медицина факультетинин «Адамдын конституционалдык типологиясы курсунда нормалдуу жана топографиялык анатомия» кафедрасынын морг башчысы Бурмакан Чырмашова, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамы менен бизнес жана менеджмент факультетинин профессору Жылдыз Акназарова, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова, юридика факультетинин профессору Нурлан Шерипов сыйланышты.

Салтанатуу иш-чарада президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө жетишкендиктери үчүн адилеттүү баасын алып, мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар менен сыйланган мекендештердин ролун белгилеп, сыйлык ээлерине өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери жана көп жылдык эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть