18:06 7 сентября 2022

ОшМУнун Педиатрия кафедрасында студенттер практикалык билимин тереңдетет

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында ОшМУнун медицина факультетинин «Педиатрия 1» кафедрасы ачылды.

Саамалыкка окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган ректорат жамааты, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын директору Равшан Маметов, медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

«Педиатрия 1» кафедрасы 9 окуу каанасынан жана 1 симуляциялык каанадан турат. Бул кафедра педиатрия адистигинде билим алып жаткан студенттердин сапаттуу, теориядан практикага багытталган билим алышына шарт түзүү максатын көздөйт.

Буга чейин аталган кафедра облустук балдар ооруканасынын жер төлөсүндө орун алып келген. Эми студенттер жарык, стандарттарга жооп берген, заманбап материалдык-техникалык жаблуулар менен камсыздалган жерде практикалык билимдерин тереңдетишет.

Кафедранын тарыхы 1999-жылдан башталат. Учурда 17 окутуучу эмгектенет, алардын 80%ы — саламаттыкты сактоонун жана билим берүүнүн мыктылары. Кафедраны КР эмгек сиңирген дарыгери, м.и.к., доцент, педиатрия боюнча жогорку категориядагы дарыгер Замира Нуруева жетектейт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть