18:52 14 сентября 2022

ОшТУда Бүткүл дүйнөлүк программистер күнү белгиленди

13-сентябрда Ош технологиялык университетинде Бүткүл дүйнөлүк программистер күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.

Гумантардык-технологиялык колледжинин «Информатика, прграммалоо жана байланыш» кафедрасынын жалпы жамааты тарабынан маалыматтык технология багытында билим алып жаткан студенттеринин ортосунда атайын коюлган шарттардын негизинде сынак уюштурулду.

Бул иш-чаранын негизги максаты IT-тармагын тандап келген 1-курстун студенттерин бул кесиптин өзгөчөлүгүнө багыттоо, аларды салтанаттуу түрдө студенттик катарга кабыл алуу, бул багыттын адамдар арасындагы орду тууралуу келечек муундарга так маалымат берүү болуп саналат. Иш-чарага шаардагы IT-тармагында иш алып барган борборлордон коноктор келишип, окууда мыкты студенттерге окуу курстарынан 30%дык арзандатуу сертификаттарын тапшырышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть