8:13 19 сентября 2022

ЫМУда мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата адабий кече өткөрүлдү

2022-жылдын 15-сентябрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун алдында уюшулган «Каракол кайрыктары» жаш акындар клубунун мүчөлөрү КРнын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата адабий-музыкалык кече өткөрүштү.

Быйылкы окуу жылына жаш акындардын саны арбып, Каракол шаарындагы башка окуу жайда окуган ыр жазууга шыктуу, таланттуу балдар-кыздар да кошулушту.

Иш-чарада кыргыз тилинин баалуулугун даңазалаган автордук ырлар окулуп, «тилибизди, дилибизди барктайлы» деген ойлор ортого салынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть