8:19 19 сентября 2022

«ОшМУ Баткен менен» штабы 24 саат иштеп жатат

Баткен районунун Тажикистан менен чектешкен аймактарындагы айылдардан эвакуацияланып келген жарандар үчүн «ОшМУ Баткен менен» штабы түзүлгөн.

Ыкчам иш-аракеттин натыйжасында жатаканалардан 500 орун даярдалып, окуу жайдын башкы имаратынын алдында штаб түзүлүп, күнү-түнү иштеп жатат. Жарандардан окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат кабар алып, тиешелүү ыкчам иш-аракеттерди алып барууда. Окуу жайда психолог жана медицина кызматкерлеринен мобилдүү тобу түзүлүп, улгайган инсандарга, аялдарга, балдарга психологиялык, медициналык кеңештерин берип, дары-дармектер менен камсыздашып жатышат. 100дөн ашуун ыктыярчылар жатаканага жайгаштыруу, ысык тамак, кийим-кече, дары-дармектерди жеткирүү иштерин алып барышууда.

Аныкталган муктаждыктарга жараша окутуучулар, шаар тургандары азык-түлүктөрдү, жууркан-төшөктөрдү, гигиеналык каражаттарды алып келишүүдө. Топтолгон жардам дароо бөлүштүрүлүп жатат. 3 маал ысык тамак менен камсыздоо иштери да колго алынган. Ошондой эле акчалай түшкөн жардамга гигиеналык каражаттар, идиш-аяктар, жаш балдарга, улууларга ич кийим, бут кийимдер алынып келинүүдө.

«Учурда 304 жаран окуу жайдын жатаканаларында турушат. Аларга 3 маал ысык тамак уюштурулуп жатат. Жамааттын колдоосу менен чогулган акча каражатына эң зарыл болгон гигиеналык каражаттар, ич кийимдер, идиш-аяктар алынып, шарттар толук каралып жатат. Жаш бөбөктөр менен психологдорубуз иштеп, ар кандай көңүл көтөрүүчү иш-чаралар аткарылууда. Ысык тамак уюштуруп берем деген ыктыярчылардын, кесиптештерибиздин саны арбын болууда, берешен элибизге таазим этсе болот», - деди «ОшМУ Баткен менен» штабынын жетекчиси, студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова.

ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы Баткен элине жардам иретинде 1 күндүк айлык акысын которушкан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть