15:08 19 сентября 2022

ОшТУ Баткен элине жардам көрсөтүүдө

2022-жылдын 19-сентябрь күнү Ош технологиялык университетинин административдик кеңешинин кезексиз жыйыны уюштурулуп, Баткен элине жардам берүү жана кол сунуу маселелери каралды.

Жыйында окуу жайдын ректору Жанболот Турсунбаев төмөнкү маселелерге токтолду.

  • Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 19-сентябрь Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. Улуттук аза күтүү күнүнө карата баатырлардын эрдиктерин эскерүү менен студенттерге ачык куратордук тарбиялык сааттарды өтүү.
  • Баткен мамлекеттик университетинин техникалык багытта окуган студенттерин академиялык мобилдүүлүк менен Ош технологиялык университетинде окутуу мүмкүнчүлүгүн кароо.
  • Жабыркагандарга колдоо көрсөтүү максатында кан тапшыруу.
  • Чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугун карап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Мындан сырткары, университет эвакуацияланган мекендештерге башпаанек уюштуруп, тамак-аш, тиешелүү каражаттар менен камсыз кылууда. Учурда 100дөн ашуун жаран окуу жайдын жатаканасында турушат. Аларга 3 маал ысык тамак уюштурулуп жатат.

Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү үчүн окуу жайдагы эмгек жамаат бир күндүк айлык маяналарын бөлүп берди.

Гуманитардык жардамдарды топтоо уланууда.

Байланыш үчүн телефондор:

  • 0777 144 124 Рамис
  • 0777 485 042 Бектур
Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть