9:36 21 сентября 2022

ОшМУнун клиникасында Баткен облусунан келген 6 жаран дарыланууда

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен айылдарынан эвакуацияланып келген жарандарды ОшМУ тарабынан даярдалган жатаканаларга жайгаштыруу иштери уланууда.

Бүгүнкү күндө 6 адам ОшМУнун медициналык клиникасында даарылануудан өтүп жатышат. Алардын көпчүлүгү кан басымы жогорулап кайрылышкан. Бүгүнкү күндө клиниканын дарыгерлери тарабынан бардык анализдери алынып, УИД, ЭКГ, рентген сыяктуу бардык аппараттардан текшерүүдөн өтүп, дарылоо иштери башталды. Алар клиникада 10 күн дарыланышат.

«Үй-бүлөдө 5 адамбыз. Алгач эл менен кошулуп, баарыбыз Кадамжай районуна келдик. Ал жерде башымдын ооруганы басылбаганынан, дарыгерлер «томографияга түшүңүз» деп Ош шаарына жөнөтүштү. ОшМУнун штабындагылар жардам берип, томографияга түшүрүп, андан кийин ушул клиникага алып келишти. Келгенден баштап жакшы кабыл алып, кыздар жуунтуп, ысык тамак берип, дароо укол-дарыларын беришти. Бардык анализдерди алды. Керектүү бардык каражат, кийим-кече менен камсыздашты, 4 маал ысык тамак берип жатат. Бизге көңүл буруп, кам көрүп жаткандыгы үчүн баарына ыраазымын. Элибизде аманчылык болсо экен», - деди Халима Юсупова.

«Биз эл менен агылып, ОшМУга келип калдык. Жатаканага жайгашкандан тартып бизди ыктыярчылар аябай жакшы кабыл алды. Керектүү каражаттар, кийим-кече, тамак-аш менен камсыздап жатышты. Дарыгерлер текшерип, күнү-түнү жаныбызда болуп жатышат. Кечээ кан басымым көтөрүлгөнүнөн, ушул клиникага алып келишти. Бардык анализдеримди алышып, дарылап жатышат. Шарттары жакшы экен. Мекенибиз тынч болуп, балдарыбыздын келечеги кең болсо экен», - дейт Согмент айылынын тургуну Бурмабү Матраимова.

Учурда «ОшМУ Баткен менен» штабы 24 саат иштеп жатат. Окуу жай тарабынан даярдалган жатаканаларга ушул тапта 682 жаран жайгашты. Алардын ичинен облустук ооруканага 3 жаран, балдар ооруканасына 4 бала жөнөтүлдү. Ал эми 6 жаран ОшМУнун клиникасында дарыланууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть