17:54 21 сентября 2022

Дене тарбия жана спорт академиясында Түркиянын Алпарслан университетинин жана Индиянын Шарда университетинин профессорлору менен жолугушуу өттү

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында Бишкекте өтө турган ректорлордун форумуна катышууга келген Түркиянын Алпарслан университетинин профессору Мехмет Туркмендин жана Индиянын Шарда университетинин профессору Прамод Кумар академиянын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолугушуусу болуп өттү.

Конокторду КМДТжСАнын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент С.Азизбаев, окуу жайдын ардактуу профессору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент М.Саралаев, илимий иштер боюнча проректор, педагогика илимдеринин кандидаты, доценттин м.а. Н.А.Абдыбекова, эл аралык бөлүмдүн башкы адиси, тарых илимдеринин кандидаты Р.Сабиров тосуп алышты.

Жолугушууда алгач коноктор өздөрү эмгектенген жогорку окуу жайлары, дене тарбия жана спорттун тарыхы, айрыкча улуттук спорт оюндарын өнүктүрүү аракеттери туурасында маалыматтарды беришти.

Түркиянын Алпарслан университетинин профессору Мехмет Туркмен 1995-жылдан бери кыргыз жана түрк элдеринин салттуу оюндарын изилдөөчү катары тыгыз байланышта иш алып барып келүүдө. Ал белгилегендей, дүйнөдөгү түрк тилдүү өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда салттуу  оюндар арбын. Алсак, ат оюндарынын эле 50дөн ашык түрлөрү катталган, бирок алардын көпчүлүгү толук изилдене элек.

Ал эми Индиянын Шарда университетинин профессору Прамод Кумар маалымдагандай, аталган окуу жайда дүйнөнүн 72 өлкөсүнүн өкүлдөрү бир катар мамлекеттердин тарыхын, маданиятын камтыган 80 факультеттер билим алышат. Окуу жайда дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бөлүнгөн.

Мындан сырткары, жолугушууда тараптар ортосунда билим берүү жана илим тармактарында студенттер жана окутуучулар менен тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында маалыматтар менен алмашуу жана башка эки тараптуу кызматташууларды тереңдетүү маселелери талкууланып, иштиктүү ой-пикир, сунуштар айтылды.

Ошондой эле коноктор окутуучулардын жана студенттердин суроолоруна жооп беришти. Буга чейин КМДТжСА менен Индиянын Шарда университети ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Андан кийин Мехмет Туркмен жана Прамод Кумар КМДТжСАнын окуу-спорттук базалары, анын ичинде шаардын четинде жайгашкан «Спорт» окутуу-спорттук (лыжа, туристтик) базасы менен да кеңири таанышып чыгышты.

14-15-сентябрда Бишкек шаарында дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын ректорлорунун катышуусунда форум өткөрүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть