2022-жылдын 27-сентябрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун физика-математикалык жана табигый техникалык факультетинин, «Математика жана информатика, окутуунун технологиялары» кафедрасынын окутуучулары тарабынан студенттер арасында Баткендеги окуяларга байланыштуу уюштурулган «Улут биримдиги — улуу байлык» деген темада куратордук-тарбиялык саат өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ата Мекенди сүйүү, патриоттуулук, эл-журттун ажырагыс биримдиги жөнүндө ырлар, баяндамалар, суроо-жооптор, макал-лакаптарды толуктоо жана ар бир команда берилген тапшырмаларды аткаруу менен аны презентациялоо сыяктуу ар түрдүү формада иштер жүргүзүлдү.