17:11 28 сентября 2022

ЖАМУнун жамааты жана студенттери Баткенде жабыр тарткандарга акчалай жардам берүүдө

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамааты жана студенттери Баткен облусундагы тажик-кыргыз чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыр тарткандарга акчалай жардам берүүдө.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Айг\л Доранованын айтымында, Баткен мамлекеттик университетинин 3 кызматкерине акчалай каражат которулган.

«БатМУнун 3 кызматкеринин турак-жайы күйүп кеткен. Аларга моралдык колдоо көрсөтүү иретинде 2 кызматкерге 46 миң сомдон, бирөөнө 30 миң сом, жалпы 122 миң сом жеке эсептерине которулду. Чек арада чеп болуп туруп берген мекендештерибизге ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз жерибизди коргоп, элибизге тынч уйку тартуулаган мекен сакчыларыбызга таазим кылабыз. Мекендин бүтүндүгү үчүн шейит кеткен эр-азаматтарыбыздын жаткан жерлери жайлуу, жарык болсун», - дейт А.Доранова.

Ал эми буга чейин эмгек жамаат 1 күндүк эмгек акысын — 500 миң сом, кошумча өз ыктыярлары менен 500 миң сом жалпы 1 млн сом атайын Баткен облусунун элине которушкан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть