И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география, экология жана туризм факультетинде 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргыз тили сабагынын окутуучусу Асел Абакирова студенттер менен биргеликте жыл сайын иш-чара өткөрүп келет.
Бул жылы дагы «Улут болсоң, тилиң менен улутсуң» деген аталыштагы иш-чара өткөрдү. Концерттик программа даярдалып, залды ар кандай түстөгү патриоттук сезимдерди ойготкон сөздөр, макалдар, шарлар менен кооздошту.