14:35 29 сентября 2022

ИИМдин Академиясында ок атууга даярдык боюнча актуалдуу маселелер талкууланды

2022-жылдын 29-сентябрында ИИМдин Академиясында Аскердик жана атайын тактикалык даярдык кафедрасы тарабынан «Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ок атууга үйрөтүү усулдары жана ыкмалары боюнча актуалдуу маселелери» деген темада ведомстволор аралык тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага Юстиция министрлигине караштуу ЖАМКнын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын, ИИМдин Күзөт кызматынын, ИИМдин Республикалык окуу борборунун, ИИМдин Ички аскерлеринин өкүлдөрү жана ошондой эле ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Тандалган теманын актуалдуулугу ок атууга үйрөтүү боюнча сабактарды өткөрүүнүн сапаты ички иштер органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын практикалык ишмердүүлүгүнө түздөн-түз байланыштуу болгондугу менен шартталган. Кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка жана мыйзамсыз куралдуу кылмыш топторго каршы күрөшүү боюнча милдеттерди аткаруу үчүн мамлекет тарабынан укук коргоо органдарына тиешелүү ыйгарым укуктар берилген.

Бул иш-чарада ок атууга үйрөтүүнүн усулдары жана ыкмалары боюнча актуалдуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын өздүк курамын ок атуучу куралдардын заманбап (жаңы) түрлөрү менен жабдуу, жана ошондой эле ок атуу боюнча практикалык даярдыктарды өткөрүү үчүн укук коргоо органдарынын материалдык базасын жогорку сапатта камсыз кылуу көйгөйлөрү баса белгиленди.

Ведомстволор аралык тегерек столдун катышуучуларынын кызуу талкуусу талкууланып жаткан теманын жогорку актуалдуулугун баса белгилеп, укук коргоо органдарынын тутумунда ок атууга үйрөтүү боюнча практикалык окууларды жүргүзүүнү жакшыртуу жаатындагы көйгөйлөрдү комплекстүү баалоого жана чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть