18:22 30 сентября 2022

ЫМУда өзгө тилдүү студенттер арасында сынак өттү

29-сентябрда К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун китепканасынын окуу залында Мамлекеттик тил күнүнө жана КР Эл баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата «Кыргыз тили экинчи тил мен учүн, кыргыз тилге кызмат кылам эл үчүн!» деген темада өзгө тилдүү студенттер арасындагы кароо-сынак өткөрүлдү.

Иш-чарага Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын өкүлдөрү катышып, бүгүнкү күндөгү тилдин ал-абалына токтолуп, келечек муунду өз эне тилин сактоого, өнүктүрүүгө, баалоого чакырып кеттишти.

Иш-чаранын негизги максаты — КР Эл баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Т.Сыдыкбековдун 110 жылдык мааракесин жетекчиликке алып, мамлекеттик тилдин аброюн көтөрүү, өзгө тилдүү жаштардын мамлекеттик тилге болгон көз карашын оң жагына калыптандыруу.

Соңунда сынактын жеңүүчүлөрү I, II, III даражадагы дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

Кечени мамлекеттик тил жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башкы адиси К.Бордобоев даярдап, ЫМУнун жана ЫМУнун колледжинин студенттери активдүү катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть