19:45 7 октября 2022

ОШшТУда Мугалимдер күнү белгиленди

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — Мугалимдер күнүнө карата Ош технологиялык университетинде салтанаттуу кече уюштурулуп, сый-урмат көрсөтүлдү.

Салтанатты ОшТУнун ректору т.и.к., доцент Жанболот Турсунбаев ачып, ардактуу кесип ээлерин куттуктап, ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын бир тобуна Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы, Ош шаардык мэриясынын, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, ОшТУнун жана Бириккен профсоюз комитетинин ардак грамоталары жана окуу жайдын өзүнүн акчалай сыйлыктары тапшырылып, алкыштар жарыяланды.

Салтанаттын жүрүшүндө окуу жайдын Маданий-эстетикалык борборунун таланттуу студенттери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть