16:59 6 октября 2022

ОшТУда кырсыктардын тобокелдигин азайтууга арналган иш-чара өткөрүлдү

5-октябрь — Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жыл сайын Ош технологиялык университетинде «Жашоо-тиричилик коопсуздугу» кафедрасы тарабынан иш-чаралар уюштурулуп келет.

Аталган кафедранын жалпы жамааты тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын өкүлдөрү окуу жайда билим алып жаткан студенттер менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун негизги максаты, күнүмдүк жашоо-тиричиликте кездешкен ар кандай өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, аларды болтурбоо жана жүз берген учурда сактануу эрежелери тууралуу кеңири маалымат берүү болуп саналат. Анткени ата-энесинен алыстап, башка чөйрөгө туш болгон студенттер ар кандай кырдаалдарга кез келиши мүмкүн. Ошол учурдагы жасалуучу иш-чаралар менен тааныштырышты. Ал эми жашоо-тиричилик коопсуздугу багытында билим алып жаткан келечектеги инженер-куткаруучуларга бул кесип менен эмгек жолдорун улантып жаткан инженерлер бул кесиптин өзгөчөлүгүн, врачтар сыяктуу эле адам өмүрүн сактоо биринчи милдет экендигин белгилеп өтүштү.

КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп Россия мамлекети атуулдук коргонуу багыты боюнча адистерди даярдай баштаган. Андан соң ОшТУда «өзгөчө кырдаалдарда коргоо» адистигин даярдай баштаган. Бүгүнкү күндө Ош технологиялык университети даярдап чыгарган инженер-куткаруучулар өз адистиктери менен алыскы жана коңшулаш мамлекеттерде эмгектенип жатышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть