16:56 6 октября 2022

Кыргыз-Өзбек университетинде Мугалимдер күнү белгиленди

5-октябрь — Мугалимдер күнүнө карата Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окумуштуу-окутуучулар жамааты салтанаттуу майрамга чогулду.

Майрамдык кечени университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев ачып, окутуучулук кесиптин оор түйшүгү, бүгүнкү күндөгү мугалимдердин күжүрмөн эмгеги, мамлекет тарабынан аларга карата көрүлгөн камкордуктар тууралуу баяндады. Кеп арасында ректор Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окутуучуларын кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ага улай эле окуу жайдын профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев өзүнүн куттуктоосун жолдоду.

Андан соң өз кесибинин устаты катары таанылган алдыңкы окутуучулар университеттин, профсоюз уюмунун, Ош шаардык жана облустук бийликтин белектерин алып, ардак грамоталар менен сыйланышты.

Салтанаттуу жыйын университеттин таланттуу жаштары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть