19:28 7 октября 2022

Агартуучу Мамбетасан Ибраев ОшМПУнун студенттерине билими, тажрыйбалары менен бөлүштү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери белгилүү аалым, агартуучу Мамбетасан Ибраев менен жолугушуп, өзгөчө семинарга күбө болушту.

Жолугушуу окуу жайдын чоң жыйындар залында уюштурулуп, аны университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берди. Семинар студенттердин интеллектуалдык дараметин, дүйнө таанымын, китепке болгон мамилесин, билимге сүйүүсүн арттыруу, жогорулатуу таризде коштолду.

Тренер семинарда өзүнүн билими, турмуштук тажрыйбаларын жана дүйнөлүк деңгээлге ортоктош болгон ойлорун, идеяларын кеп кылып, азыркы муундун аксаган сапаттарын белгилеп, алдыга умтулууга, көп окуп, билимдүү жаштардын коомун түзүүгө чакырды.

Жаштардын кыялдарын курчутуп, бийик-бийик ийгиликтердин ээси болууга үндөдү. Бул менен бирге учурда ар бири окуусу зарыл болгон дүйнөлүк китептер менен тааныштырды.

Соңунда катышуучулар бир канча суроолорду узатып, жооп алышып, мыкты мотивациялык семинар үчүн конокко ыраазычылык билдиришти.

Мамбетасан Ибраев — коомдук жана диний ишмер, «Калем» академиясынын негиздөөчүсү. 5 тилде эркин сүйлөп, учурда чет элдик китептерди кыргыз тилине которуп, окурмандарга сунууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть