19:31 7 октября 2022

ОшМПУда мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата бир айлык өтүп жатат

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата белгиленген бир айлыктын алкагында бардык студенттер үчүн айлампа иретинде санариптик форматтагы «Кыргыз тилинин 5 керемети» аттуу семинар өткөрүлдү.

Семинар окуу жайдын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү борбору тарабынан ар бир факультетке жана колледжге өз-өзүнчө уюштурулду.

Аталган саамалык жаштардын жан дүйнөсүн руханий жактан толтурууга багытталып, алардын тилибизге, улуттук маданиятыбызга карата көз карашын туура нукка багыттап, келечек муундун китепкөй, адеп-ахлактуу, мекенчил жана мугалимдик улуу кесиптин мыктысы болууга үндөп, аны менен биргеликте маалыматтык чөйрөдө сабаттуу жаштардын катарында турууга, социалдык тармактарда одоно каталарга жол бербөөгө, кыргыз тилинин аруулугун, тазалыгын, нукура табиятын жана тилдик нормаларын сактоого чакырык жасалды.

Мындан тышкары, адистиктерге багытталган мезгилдин талабына шайкеш келген түрдүү инновациялык жана технологиялык сабактарды түзүүнүн ыкмалары тууралуу маалыматтар берилди.

Кыргыз тилинин мамлекеттик тил макам алганынын 33 жылдыгына карата ОшМПУда 15-сентябрдан 15-октябрга чейин бир айлык жарыяланган. Анын алкагында жетекчилик тарабынан атайын иш план бекитилип, учурда этабы менен иштер аткарылып жатат. Буга чейин факультеттерде ачык табиялык саат, улуттук көргөзмө, сынак, конок лекция, семинар сыяктуу түрдүү иш-чаралар уюштурулду. Кийинки жумада бир айлыктын расмий түрдө жыйынтыктоо кечеси уюштурулуп, саамалыкка активдүү катышкан факультеттер, студенттер жана окутуучуларга сыйлыктар ыйгарылмакчы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть