20:12 7 октября 2022

КМУда Мугалимдер күнүнө жана коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү

5-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тарабынан Мугалимдер күнүнө жана алгачкы агартуучу, коомдук ишмер Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган «Агартуучуларга таазим!» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Салтанат Ишеналы Арабаевге арналган документалдуу-публицистикалык тасманы көрсөтүү менен башталды.

Андан соң ректор Айгүл Абдраева куттуктоо сөзүн сүйлөп, өлкөнүн руханий жана интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө салым кошкон инсандарга университеттин «Эмгек сиңирген ишмер» наамын ыйгарып, «Эмгек каарманы» төш белгисин, ардак грамота жана ыраазычылык каттарын тапшырды.

Майрамдык салтанаттын экинчи бөлүгү концерттик программа менен коштолду.

Иш-чаранын алкагында китеп жана «Устаттыктын улуу уңгусу» аттуу кол өнөрчүлүк көргөзмөсү орун алды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть