21:47 10 октября 2022

ОшМПУда мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

7-октябрь күнү Ош мамалекеттик педагогикалык университетинин профессордук-окутуучулар жамааты жана кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешти.

Иш-чара окуу жайдын чоң жыйындар залында уюштурулуп, окутуучуларды шыктандырган бул күн өзгөчө көз ирмемдерди өзүнө камтыды. Салтанатта университеттин ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүн сүйлөп, билим берүү тармагында үзүрлүү ишмердүүлүгү үчүн бир топ окутуучулар министрликтин, мэриянын, облустун, кесиптик бирликтин жогорку сыйлыктарына ээ болушту.

Бул менен бирге окуу жайдын өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошуп, жаштарга татыктуу тарбия берүү менен ийгиликтерди жаратып келе жаткан кесипкөй окутуучулар окуу жай тарабынан ардак грамота, алкыш баракча жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ардактуу кесип ээлерин сыйлоо аземинен соң, майрамдык кече андан ары уланып, музыкалык-педагогикалык факультетинин чыгармачыл тобу тарабынан жагымдуу чыгармалар аткарылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть