15:17 15 октября 2022

ОшТУда Эл аралык кыздар күнү белгиленди

11-октябрь — Эл аралык кыздар күнүнүн урматына арналган иш-чара Ош технологиялык университетинде Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси менен университеттин Аялдар кеңеши жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

Жолугушууга Ош шаардык кеңешинин депутаты, «Асылзат» коомунун президенти Нуркыз Кадырбекова катышты. Бул жолугушууда биринчи кезекте кыргыз элиндеги кыздардын, аялзатынын орду тууралуу талкуу жүргүзүлдү. Кыргыздар эч качан кызды басмырлап, төмөн койгон эместиги, ар дайым кыздын орду үйдө, төркүндө бийик деп саналып, аяр мамиле жасалып келгени, элде сакталган баалуулуктар азыркы ааламдашуу алкагындагы коомчулук үчүн канчалык деңгээлде өзгөрүлгөндүгү тууралуу дагы ойлор айтылды. Азыркы күндөрдө кыздарга болгон мамиле, алардын ар кандай турмуштук жагдайлардан улам туш болуп жаткан көйгөйлөрү, аларды болтурбоо үчүн көрүлгөн иш-чаралар, кыздарга үй-бүлөдөгү мамиле, тарбия жана башка көптөгөн маселелер талкууланды.

Бул майрам 2012-жылы Бириккен улуттар уюму тарабынан негизделген. Анын негизги максаты — кыздарга байланыштуу социалдык көйгөйлөргө, теңсиздиктерге өзгөчө көңүл буруу болуп саналат. Кыздардын билим алуусун, толук кандуу тамактануусун, медициналык тейлөөнү, коомдук укуктарын жана басынтуу, күч колдонуу, өзүнүн ыктыярсыз турмушка узатуу жана башка маселелердин алдын алууга багытталат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть