2022-жылдын 12-октябрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун филология факультетинин окутуучулары жана студенттери тарабынан даярдалган мамлекеттик тил күнүнүн 33 жылдыгына карата «Эне тилди сүйгөнүң — улут үчүн күйгөнүң» аталышындагы кереге-кеңеш өткөрүлдү.
Иш-чарага ф.и.д., проф. м.а. А.Дунканаев, ф.и.к., доц. Ү.Кадыркулова, ф.и.к., доц. А.Анапияева, Каракол шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жооптуу адиси Т.Токтомов жана окуу жайдын мамлекеттик тил боюнча проректору Б.Атыгаев катышышты.
Иш-чарада мамлекеттик тилдин бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү маселелери талкууланып, тыянак чыгарылды. Акырында активдүү катышкан студенттер окуу жайдын ыраазычылык баракчасы менен сыйланышты.