15:26 15 октября 2022

ОшМПУда ректордун «Билим кубогу» ойнотулду

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 12-октябрда ректордун «Билим кубогу» ойнотулду.

Иш -ара мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата белгиленген 1 айлыктын алкагында уюштурулуп, мында университеттин 7 факультетинен тандалып чыккан билимдүүлөр ат салышты. Алар «Жалпы суроо», «Тандоо желеси», «Ой чабыт жана сабаттуулук», «Сыр сандык» деп аталган 4 бөлүктө суроолорго жооп берип, ар бир катышуучу топтогон упайына жараша кийинки турга өтүштү.

Бул менен бирге күйөрмандар үчүн да белектер жана кызыктуу суроолор камтылып, «Мыкты күйөрман» тандалды.

Финалда эң жогорку упайларды камсыздаган 2 студент жарышып, кубокту табият таануу жана география факультетинин Г-20 тайпасынын студенти Мухаммедтаир Шамырбеков багындырды. 2-орунду гуманитардык факультетинин Т-20 тайпасынын студенти Акбермет Суранали кызы ээлесе, 3-орунга математика жана компьютердик технологиялар факультетинин Ин-19 тайпасынын студенти Роза Эсеналиева ээ болду.

Соңунда окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев сөзгө чыгып: «Студент убакта жакшы окуп, тил үйрөнүп, коомдук иштерде активдүүлүк жаратып калууга мүмкүнчүлүгүңөр чоң. Бүгүнкүдөй ылдам өнүгүү заманында интеллектуалдык деңгээлиңер, илимий потенциалыңар жана креативдүү ой жүгүртүүңөр жогору болушу зарыл. Ошондуктан улуттук баалуулуктарды сактап, эң алгач өз тилиңерди эске алуу менен жаңы билимдерге умтулушуңарга тилектешмин», - деди.

Билим таймашы ар бир адамдын улуттук духун, өлкөгө болгон сүйүүсүн, тилге карата мамилесин жакшыртуу жана улуттук нарк-насилдердин баалуулугун сактоо максатында окуу жайдын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть