20:41 17 октября 2022

ОшМУ Евразиялык рейтингде ТОП-3кө кирди

«IAAR Eurasian University Rankings-2022» эл аралык Евразия мейкиндигиндеги эң мыкты университеттердин рейтингинин жыйынтыгы боюнча Ош мамлекеттик университети 3-орунду камсыздады. 1-орунду Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, 2-орунду Россиянын Финансы университети ээледи.

"IAAR Eurasian University Ranking (IAAR EUR)" Евразиялык билим берүү мейкиндиктери үчүн сапат белгиси болуп саналат.

Сыйлык 7-8-октябрь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында Билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча VI Борбор Азия эл аралык форумунун алкагында тапшырылды.

Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлардын көз карандысыз рейтинги жогорку окуу жайлар ортосунда билим берүү, илим изилдөөдө сапатты камсыз кылууда жана академиялык коомчулуктун, студенттердин, жумуш берүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүк деңгээлин жана алардын кадыр-баркын айкын көрсөтүп, билим берүү чөйрөсүн калыптандырып келет.

"IAAR Eurasian University Ranking - 2022" эл аралык рейтингине Казакстан, Нидерландия, Индия, Туркия, Латвия, Азербайджан, Молдова, Армения, Грузия, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка бир топ мамлекеттердин алдыңкы университеттери катышып жатат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть