20:40 17 октября 2022

ОшМУну даңктаган макалалар сынагы жарыяланат

Урматтуу, студент достор!

Студенттик “Нур” гезитинин 30 жылдык мааракесине карата ОшМУну даңктаган макалалар сынагы ЖАРЫЯЛАНАТ!

Ыйгарылуучу сыйлыктар:

1-орун: 4000

2-орун: 3000

3-орун: 2000

баалуу белектер жана дипломдор.

Сынакка катышуу үчүн:

1. ОшМУну даңктаган макалаларды даярдап уюштуруучунун дарегине жөнөтөт;

2. Автор #Нур30, #ОшМУгадаңк! хештегдери менен социалдык тармактагы баракчаларга (инстаграм, фейсбукка) жарыялайт;

3. Макаланын көлөмү А4 барагында Times New Roman, 14-шрифт менен 1-4 бет;

4. Катышуучу окуучуларды, ата-энелерди, студенттерди, мугалимдерди, структура жетекчилерди, бүтүрүүчүлөрдү каарман катары тандап, факультетти, окуу жайды даңктап, гезит бетине ылайыктуу макала даярдап катыша алат;

5. Макала менен бирге өзүнүн толук аты-жөнүн, окуган жерин, телефон номерин калтырууга тийиш;

6. Макала мыкты сүрөттөр менен бирге даярдалса артыкчылык берилет.

Макаланы кабыл алуу 2022-жылдын 12-ноябрь күнү саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт.

Демөөрчү: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети.

Байланышуу үчүн:

Дүйшөнбек Бектемир уулу +996 (703) 41-53-79

Эл.почта: oshmu.nur@mail.ru

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть