20:39 17 октября 2022

«ОшМУ-Университет» кыз-келиндер волейбол командасы Кыргыз волейбол федерациясынын президентинин кубогунда чемпион болду

Кыргыз волейбол федерациясынын президентинин кубогунда «ОшМУ-Университет» кыз-келиндер волейбол командасы чемпион болду.

«ОшМУ-Университет» кыз-келиндер волейбол командасы финалда «Дордой» командасы менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңишке жетти.

Жыйынтыгында команданын оюнчуларына «Спорттун чебери» наамы, кубок, медаль жана акчалай сыйлыктар берилди.

Ошондой эле команданын оюнчулары Адина Маматжан кызы «Мыкты оюнчу», Зульфия Абдыкаарова «Мыкты чабуулчу», Алтынай Алимбекова «Мыкты коргоочу» жана Аида Алижан кызы «Мыкты чабуулчу» деп табылды.

Оюн Бишкек шаарында өттү. Ага өлкө боюнча 16 эркектер командасы жана 5 кыз-келиндер командасы катышты.

Буга чейин «ОшМУ-Университет» кыз-келиндер волейбол командасы Кыргызстандын XIV ачык чемпионатында жеңүүчү болгон.

«ОшМУ-Университет» кыз-келиндер волейбол клубу 2020-жылы түзүлгөн. Өлкөнүн түштүгүндөгү жалгыз волейбол клубу болуп саналат. Командада окутуучулардан жана студенттерден тандалып алынган 16 спортчу бар.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть