12:58 20 октября 2022

ЫМУда «Жаштар жана Кыргызстандын жашыл келечеги» аттуу илимий-практикалык конференция уюштурулду

К.Тыныстанов атындагы ЫМУда жарыяланган илим айлыгынын алкагында физика-математикалык жана табигый-техникалык факультетинин окутуучулары Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицейи менен бирдикте 13-октябрда «Жаштар жана Кыргызстандын жашыл келечеги» аттуу илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Конференцияга факультеттин магистратура бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Кочорова Нураим, Б-41 группасынын студенти Баннова Карина, Био-31 группасынын студенттери Дамирова Элида, Болотбекова Алина жана Абдувалиева Аяна, М-21 группасынын студенти Тилек кызы Жыпара жана лицейдин окуучулары баяндамалар жана презентациялар менен катышышты.

Конференциядан кийин окуучулар жана студенттер үй шартында утилизациялоого мүмкүн болгон катуу тиричилик таштандыларынан кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүн көрсөтүшүп, көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:

  • 1-орун — М-21, МИ-11 группаларынын студенттери жана 8-«А» классынын окуучулары,
  • 2 орун — Био-21 группасынын студенттери жана 8-«Г» классынын окуучулары,
  • 3 орун — 8-«Б» жана 7-«Б» класстарынын окуучулары.

Бардык жеңүүчүлөр сыйлыктар менен сыйланышты.

Жыйынтыгында Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицейи менен университеттин илим жана билим берүү тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть