12:51 20 октября 2022

ОшМПУда Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди

19-октябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнү белгиленди.

Иш-чара окуу жайдагы социалдык иш адистигинин түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгын жана кесиптик майрамын белгилөө иретинде гуманитардык факультетинин «Социалдык иштер жана коомдук илимдер» кафедрасы тарабынан уюштурулду. Ага Ош шаардык Жаштар иштери комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков, Ош шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси Чыңгыз Зулпукар уулу, Ош шаардык маданият башкармалыгынын адиси Керимбек Акматбеков жана факультеттин окутуучулары, студенттери катышышты.

Бул менен бирге социалдык иш адистигинин бүтүрүүчүлөрү да келип, майрамдык кечеге күбө болушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө коомдогу социалдык көйгөйлөрдү камтыган сахналык көрүнүштөр, таланттуу студенттер тарабынан чыгармалар аткарылып, маданий кече тартууланды. Соңунда социалдык иш адистигинде билим алып жаткан мыкты студенттерге жана окутуучуларга факультеттин жетекчилиги тарабынан ардак грамота жана белектер тапшырылды.

Ошондой эле «Социалдык иштер жана коомдук илимдер» кафедрасынын окутуучулар жамааты коомдук массалык иштерге активдүү кытышып, өзүнүн кесиптик милдеттерин мыкты аткаргандыгы үчүн Ош шаардык маданият башкармалыгынын ардак грамотасы менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть