12:53 20 октября 2022

ОшМУнун студентинин эмгеги эл аралык сынакка катышууда

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында 19-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк биоэтика күнү белгиленди.

«Социалдык жоопкерчилик жана саламаттык» темасына арналган иш-чарага жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин философия бөлүмүнүн профессору Жылдыз Урманбетова «XXI кылымдын чакырыктары: Адамдын жана улуттун ден соолугунун маңызында социалдык жоопкерчилик» деген темада конок лекция окуду. Теманын айланасында катышуучулардын ортосунда талкуу болду. Анда Мира Сейдалиева адамзаттык жана улуттук руханий баалуулуктарга, нарк-насилге, маданиятка таянып, кесипке багытталган адистешкен мүнөздөгү программаларды, материалдарды иштеп чыгуу жана окутуу, илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүү, этика боюнча адистерди, эксперттерди даярдоо боюнча сунуштарын айтты.

Экинчи бөлүгүндө Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы, «Эл аралык коомдук саламаттыкты сактоо» кафедрасынын тарабынан уюштурулган эл аралык студенттик сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды.

ОшМУнун медицина факультетинин студенти Осмонали уулу Нуралланын (жетекчиси — ОшМУнун пресс-катчысы З.Нуралиева) «Тандоо» эмгеги 1-орунга, ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин студенти Вайшнави Жайкумардын эмгеги (жетекчиси — эл аралык медицина факультетинин «Коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо» кафедрасынын доценти А.Турусбекова) 3-орунга ээ болду. 1-орунду ээлеген «Тандоо» кыска метраждуу тасмасы Кыргызстандын атынан Эл аралык Хайфа сынагына жөнөтүлгөндүгү айтылды.

Эл аралык студенттик сынакка катышкан бардык катышуучу студенттер жана аларды жетектеп барган окутуучуларга уюштуруучулар тарабынан сертификаттар тапшырылды.

Делегация 3 күн аралыгында Эл аралык биоэтика кафедрасынын колдоосу менен уюштурулган Юнит группасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, тажрыйба алмашуу, биоэтика дисциплинасын окутуудагы перспективалык пландар боюнча пикир алышат. ОшМУда Юнит группаны уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр болот.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть