17:34 25 октября 2022

ОшТУнун студенти эл аралык турнирде 2-орунду алды

Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн бокс боюнча жаштар арасындагы IX эл аралык турнирде Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин студенти Садырбеков Бектемир 75 килограмм салмак ченинде күч сынашып, 2-орунга ээ болду.

Спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Кочкорбек Алимжановдун жаркын элесине арналып уюштурулган.

Мелдешке Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен келген командалар, спорт чеберлери жана Кыргызстандын аймактарынан келген жалпысынан 100дөн ашуун спортчулар катышты.

ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев ийгилик жараткан студент Садырбеков Бектемирди кабыл алып, жеке өзүнүн жана жалпы жамааттын атынан куттуктап, окууларына жана спорттук карьерасына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле жаш спортчуга дүйнөлүк деңгээлдеги спорт адамы болушуна тилектештигин билдирип, окуу жай тарабынан ар дайым колдоо болорун билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть