17:31 25 октября 2022

ОшТУнун 6 студенти академик Б.Мурзубраимов атындагы стипендияга ээ болду

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда көп жылдан бери салтка айланган академик Б.Мурзубраимов атындагы стипендияны алдыңкы студенттерге тапшыруу иш-чарасы болду.

Бул иш-чара бир жылда бир жолу өткөрүлүп, «Академик Б.Мурзубраимов атындагы стипендия» жөнүндө жобого ылайык, окуунун мыктыларына, спорттук, маданий жана коомдук иштерге активдүү катышкан 6 студентке ар бирине 3000 сомдон мамлекеттик жана коомдук ишмер, КР УИАнын академиги Бектемир Мурзубраимов тарабынан тапшырылат.

Бул жылы дагы институтта билим алып жаткан мыкты студенттерге аталган стипендия берилди. Тапшыруу аземине Ош технологиялык университетинин ректору, доцент Жанболот Турсунбаев катышып, студенттерди бул ийгиликтери менен куттуктады жана институттун алдыңкы окутуучуларына ардак грамоталарды тапшырды.

Салтанаттуу иш-чарага институттун профессордук-окутуучулар курамы, студенттер, ата-энелер, райондун ардагер мугалимдери катышты.

Академик Бектемир Мурзубраимов — 130дан ашык илимий эмгектин автору. Алардын көпчүлүгү СССР Илимдер академиясынын журналына жана союздук конференциялардын материалдарына жарыяланып, чет элдик тилдерге которулган. Мамлекеттин жетекчилигинде Ош мамлекеттик университетинин химиктери менен турмуш-тиричилик үчүн маанилүү элементтердин аракеттенүүсүнүн илимий негиздерин иштеп чыгып, жаңы натыйжалуулукка ээ болгон биоактивдүү препараттарды синтездөөдө зор эмгек жасаган. СССР эл агартуу жана элге жогорку билим берүүнүн, Кыргыз ССР элге билим берүүнүн отличниги. Лениндин 100 жылдыгына карата «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы, СССР ИАнын Курнаков атындагы эстелик медалы менен сыйланган. Жогорку Кеңешке 3 жолу депутат болуп шайланган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть