17:00 25 октября 2022

Үйү күйгөн студенттердин ата-энелерине ОшМПУнун эмгек жамааты жана студенттери материалдык колдоо көрсөтүштү

Сентябрь айында Баткенде болгон тополоңдон улам үй-жайсыз калган, социалдык абалы оор үй-бүлөлөргө жана ОшМПУда окуп, үйү күйгөн студенттердин ата-энелерине Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин эмгек жамааты жана студенттери тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Жабыр тарткандарга аз да болсо көмөк көрсөтүү үчүн окутуучулар жана студенттер тарабынан ыктыярдуу түрдө чогулган акча каражаты атайын комиссиянын чечими менен студенттердин ата-энелерине 20 миң сомдон, ал эми турмуш шарты оор, ден соолугунан улам дарыланууга муктаж болгон Баткендеги жоготууга учураган айылдардын тургундарына 10 миң сомдон таратылды.

Бул менен бирге кийим-кечелер да жеткирилди.

Университетте Баткендеги аскердик абал учурунда түзүлгөн «Баткенди колдоо» штабынын алдындагы кайрымдуулук фондго эмгек жамааттан жана студенттерден 400 миңге жакын акча каражаты жана кийим-кече, азык-түлүк, тиричилик каражаттары жыйналган. Мында чогулган гуманитардык жардамдар жана акча каражатынын 45%ы Баткенден эвакуацияланып, ОшМПУнун жатаканасына жайгашкан 120 жарандын күнүмдүк тамак-аш, кийим-кече ж.б. керектөөлөрүнө жумшалып, андан ашканы аталган үй-бүлөлөргө берилди.

Мындан сырткары, окуу жайдын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы жамааттын макулдугу менен Баткенди өнүктүрүү фондуна чегерилген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть