17:38 27 октября 2022

ОшМПУда профессор Гүлсара Өмүралиеванын 75 жылдыгына карата эл аралык илимий конференция өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Ааламдашуу доорундагы билим берүүнүн жана илимий изилдөөлөрдүн актуалдуу маселелери: тарых, салттуулук, жаңылануу, изденүүлөр жана өнүгүү келечеги» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференция ОшМПУнун профессору, биология илимдеринин кандидаты, КР билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери Өмүралиева Гүлсара Кушатовнанын 75 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, ага Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиктери х.и.д., профессор Бектемир Мурзубраимов, б.и.д., профессор Биймырза Токторалиев жана г.и.д.. профессор Курбанали Матикеев баштаган илимпоздор, ОшМПУнун ректору п.и.д., профессор Бекмурза Зулуев баштаган окуу жайдын жамааты, ЖОЖдордун окутуучулары, мектеп мугалимдери жана студенттер катышты.

Иш-чарага онлайн-форматта коңшу мамлекеттердин, Россиянын илимпоздору да катышып, баяндама жасашты.

Конференцияда алгач ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзгө чыгып, юбилярдын өзгөчө эмгек жолуна токтолуп, жалпы билим берүүдөгү, илим изилдөөдөгү, жаштарды тарбиялоодогу жана университеттин өнүгүү жолундагы эмгеги жогору экенин жана аялзатынан чыккан чыгаан илимпоз жетекчи катары кийинки муунга үлгү боло алганын баса белгиледи. Ошондой эле ректор Г.Өмүралиеванын окуу жайга арнаган ак эмгеги, үзүрлүү иш тажрыйбасы жогорку баага татыктуу экенин билдирип, университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен чыгарылган буйрукка ылайык, Өмүралиева Гүлсара Кушатовнага «ОшМПУнун ардактуу профессору» наамын, дипломун тапшырды.

Андан соң каармандын өмүр жолун чагылдырган документалдуу тасма коюлуп, конференция пленардык жыйын жана секциялык иштер менен уланды.

Аталган илимий саамалыкта «Табигый-илимий билим берүүнүн келечеги жана артыкчылыктары», «Билим берүүнүн теориялык-методологиялык негиздери», «Социалдык-экономикалык жана гуманитардык илимдерди изилдөө тарыхы жана келечеги», «Педагогиканын, психологиянын жана мектепке чейинки тарбиялоонун ролу: тарых, реалдуулук, өнүгүү келечеги» деген секциялар иш алып барып, анда илимий макалалар менен катышкан изилдөөчүлөр өз баяндамаларын коргошту.

Жыйынтыгында конференциянын резалюциясы кабыл алынып, активдүү катышкандарга диплом, сертификаттар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть