10:19 26 октября 2022

ОшМУда мыкты бизнес-идеялар, стартаптар тандалды

ОшМУнун Жаштар бизнес паркы, Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Кыргызстандагы Ага Хан Фонду менен биргеликте ишке ашырылып жаткан жаштардын арасында ишкердүүлүктү, стартаптарды өнүктүрүү программасынын алкагында 17-октябрдан 22-октябрга чейин тренинг өткөрдү. Анда ОшМУнун лицейлеринен, колледждеринен, факультеттеринен 35 студент катышты.

Ушул жылдын 22-октябрында бизнес-идеялардын сынагы (питчинг) уюштурулуп, калыстар тарабынан 5 студенттин бизнес-идеялары (стартаптары) эң мыкты деп тандап алынды. Алар:

1. Эл аралык билим берүү программалар колледжинин студенти Боходиржон кызы Бибихожар.

2. Индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенти Мухаммеджунус кызы Рабия.

3. Финансы-юридикалык колледжинин студенти Шоятбек кызы Майрам.

4. Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студенти Эргешова Ширинкан.

5. Медицина факультетинин студенти Муратова Назира.

Жеңүүчүлөрдүн бизнес кылууга даярдыгы, шарттары дагы бир жолу грант берүүчүлөр тарабынан тыкыр текшерилгенден кийин 2 катышуучуга долбоор тарабынан 2,000 АКШ доллары суммасында колдоо көрсөтүлөт.

Буга чейин 22-сентябрдан 12-октябрга чейин ОшМУнун Жаштар бизнес паркынын кызматкерлери ОшМУнун бардык факультеттеринин жана колледждеринин студенттери үчүн маалыматтык семинарларды өткөрүшкөн.

Маалыматтык семинарларда студенттер ОшМУнун Жаштар бизнес паркынын негизги максаты, ишмердүүлүгү менен таанышып, бизнес-идеяны тандоо жана аны ишке ашыруу жолдору каралган. Андан сырткары жаштарда ишкерчиликтин жардамында лидерлик, менеджерлик сапаттарды өнүктүрүү аркылуу рыноктук экономиканын шартында жашоодо татыктуу ордун табуу, стартаптарды ишке ашыруу, жумуш менен камсыз болуу боюнча талкуулар болгон.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть