17:48 27 октября 2022

ОшМУда Индиянын Дивали майрамы белгиленди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ОшМУда билим алып жаткан индиялык студенттерди улуттук Дивали майрамы менен куттуктады.

Майрамдык иш-чара 25-октябрда ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде өттү. Фестивалга Ош шаарынын вице-мэри Марс Исаев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты. Иш-чара Кыргызстандын жана Индиянын мамлекеттик гимндерин аткаруу менен башталды.

Эдил Байсалов куттуктоо сөзүндө Кыргызстанда Индиядан келген миңдеген студенттер билим алып жатканын айтты. Андан сырткары, индиялыктар Дивали майрамында жакшылыктын жамандыкты, жарыктын караңгыны жеңген күнү караты белгилей тургандыгын, бул майрамда Кыргызстандын жогорку окуу жайларын тандаган индиялык жаштар менен жакындан таанышууга, достошууга мүмкүнчүлүк жараларын кошумчалады.

Иш-чаранын кийинки бөлүгү Индиянын жарык фестивалына арналган концерттик программа менен коштолду. Анда студенттер өз өлкөсүн даңазалаган ыр-бийлерди аткаруу менен кыргыз элинин улуттук бийлерин бийлешип, патриоттук сезимдерди козгогон ырларын ырдашты. Индиянын улуттук кийимдерин кийген улан-кыздар фестивалга өзгөчө көрк тартуулашты.

Дивали — Индия элинин эң чоң улуттук майрамдарынын бири. Майрам 5 күн катары менен белгиленет, үчүнчү күн эң маанилүү деп эсептелинет, ушул убакта Жарык фестивалы өтөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть