18:08 26 октября 2022

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында курсанттар ант беришти.

2022-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын саптык аянтчасында Кыргыз милициясынын күнүнө карата 1-курстун курсанттарынын ант берүү аземине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Бул күнү ИИМдин Академиясынын 128 курсанты өз элине, Ата Мекенине кызмат кылууга ант беришти.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов, ички иштер органдарынын генералдары жана ардагерлери, ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышты.

Салт боюнча салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Туусун көтөрүү менен башталды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов ант берүүчүлөрдүн алдында сөз сүйлөп, “Бүгүн биз үчүн кубанычтуу күн, анткени коомдук тартипти бекем сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоодо бардык күчүн жумшоого даяр болгон эр азаматтарыбыз менен катарыбыз толукталууда. Урматуу курсанттар! Силерге коюлган башкы талап - татыктуу билим алуу. Ошондуктан болгон аракетиңерди жумшап, билимиңерди бекемдеп алсаңар, силерден элдин ишеничин актаган, күн-түн дебей кызмат аткарган, жарандардын кызыкчылыктарына кылдат мамиле жасаган татыктуу кызматкерлер чыгарына ишенем”,-деп билдирди куттуктоосунда.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги милициянын полковниги Тариель Абитов сөз сүйлөп, жоопкерчилиги жогору турган кесиптин босогосун аттап жаткан курсанттардын эң башкы милдети бул терең билим алуу экенин жана ага окуу жайда бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеп, руханий-адеп-ахлагы, ар-намысы бийик, билими терең кесипкөй кызматкерлердин катарын бүгүнкү ант берип жаткан курсанттар толуктайт деген ишенимин билдирди.

Келген коноктор Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкери болуу ардактуу жана жоопкерчиликтүү экенин, келечектеги милиция кызматкерлерине коом жана мамлекет чоң үмүт артаарын белгилешип, курсанттардын окууларына ийгиликтерди каалашты.

Ант берген 1-курстун курсанттарынын атынан милициянын катардагысы Д.Туралиев сөз сүйлөп: “Бүгүн биз үчүн эң кубанычтуу күн! Мына ушул салтанаттуу көз ирмемдерде сыймыктануу менен Ант берип жатып, билимге умтулууга, Мекенди сүйүүгө жана урматтоого, ошондой эле кызматтык тартипти жана күнүмдүк тартипти бекем сактоого, Академиянын коомдук жашоосуна активдүү катышууга жана “Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанты” деген наамды татыктуу алып жүрүүгө убада беребиз!”-деп билдирди.

Бул күнү салтка айлангандай, милициянын биринчи генерал-майору Э.Алиев атындагы коомдук фондунун төрагасы А.Бектемиров жакшы окуган курсанттарга стипендия тапшырды.

Салтанаттуу иш-чара офицерлердин жана курсанттардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть