16:57 26 октября 2022

КМУнун биология жана химия факультетинде мектеп окуучуларына ачык сабак, семинарлар өткөрүлдү

25-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана химия факультетинде Бишкек шаарынын К.Бобулов атындагы №88 орто мектебинин биолог мугалимдерине, 7-класстын жана 11-класстын окуучуларына предметтик илимий-методикалык жардам көрсөтүү максатында ачык сабактар уюштурулду.

7-класстын окуучуларына «Лабораториялык шартта өстүрүлгөн бир клеткалуулардын түрлөрү менен тааныштыруу» деген темада ачык сабак өтүлүп, лабораториялык иш аткарышты. Окутуучу убактылуу микропрепараттарды жасоонун ыкмаларын түшүндүрүп, лабораториялык шартта өстүрүлгөн бир клеткалуулардан микропрепарат даярдап, жарык микроскобунан көрсөтүп берди.

Ал эми 11-класстарга төмөнкү темалар боюнча сабактар өтүлдү: «Кариологиялык талдоо жүргүзүү методдору жана хромосомдордун түзүлүшүн талдоо«, «Биологияны окутуу процессинде мотивациялык чөйрө түзүүнүн каражаттары», «Биохимиялык анализатордо заттардын концентрациясын аныктоо» жана «Мектепте биологияны окутууда IT-технологияларын колдонуу».

Ачык сабактарда теориялык маалыматтар менен катар практикалык иштер көрсөтүлүп, хромосомдук препараттарды даярдоо жана микроскопто талдоо, биохимиялык анализаторду колдонуп, заттарды аныктоо методдору көрсөтүлдү.

Ачык сабак-семинарга И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, ф.и.к., проф.м.а. Айгүл Абдраева, факультеттин деканы, п.и.д., проф. Маматкан Чоров, педпрактика боюнча жетекчи Нурпаис Баястанов, факультеттин кафедра башчылары, окутуучулары катышты.

Ммектеп мугалимдери, окуучулар ар кыл суроолорго жооп алышты. Темалардын өздөштүрүлгөнү IT-технологияларын колдонуу менен бааланды. Мындай иш-чараларды дагы башка биологиялык предметтер боюнча уюштуруу жана өз ара алаканы күчөтүү иштери макулдашылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть