16:58 28 октября 2022

Фергана политехникалык институтунун студенттери ОшТУда окуп жатышат

Фергана политехникалык институтунун «Экономика, менеджмент, бухгалтердик эсеп жана аудит, жеңил өнөр жайы технологиясы, азык-заттардын жана айыл чарба азыктарынын технологиясы» багытынын студенттери окуу жайлар аралык түзүлгөн келишимдин негизинде Ош технологиялык университетинде окуп жатышат.

Бул иш-чара эки тараптуу тажрыйба алмашуу, багыты туура келген студенттерге Кыргызстанда билимин улантууга мүмкүнчүлүк берүү менен эки элдин достугун бекемдөө, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо жана эл аралык билим берүү мейкиндигинде биргелешип аракет кылуу максатында уюштурулуп жатат.

Мындан ары окутуу менен катар окуу жайлар аралык студент-илимпоздор менен биргелешкен илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүү, достук фестивалын, спорттук жана маданий иш-чараларды биргелешип өткөрүү боюнча дагы иштер уланат. Ферганадан келген студент-коноктор алгач университеттин материалдык-техникалык базасы жана ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

Ош технологиялык университети менен Фергана политехникалык институту буга чейин дагы тыгыз байланышта иш алып барып келген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть