16:50 28 октября 2022

ОшТУда «Мамлекеттик тилдин коомдогу орду» аталышындагы видеоролик сынагы жыйынтыкталды

Ош технологиялык университетинде мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына карата жарыяланган «Мамлекеттик тилдин коомдогу орду» аталышында кыргыз тилин даңазалаган мыкты видеоролик сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

Бул иш-чаранын негизги максаты мамлекеттик тилди даңазалоого, кыргыз тилинде сүйлөөгө, эне тилди кадырлоого, улуттук тил катары баалоого жана мамлекеттик тилдин маани-маңызын түшүнүүгө чакыруу болуп саналат.

Сынакка окуу жайдагы бардык факультеттердин, гуманитардык-технологиялык колледждин жана Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун студенттери катышып, сынактын шарттарынын негизинде өздөрүнүн чыгармачылыктары менен даярдаган видероликтерин көрсөтүштү. Университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор Зулпуев Ашым бул иш-чаранын жүрүшү жаштарды эне тилди баалоого эң жакшы түрткү болуп, келечекте өз элинин патриоту болууга чакырарын белгиледи.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду экономика жана башкаруу факультетинин студенти Курванбеков Толкун, 2-орунду бухгалтердик эсеп жана аудит факультетинин студенттери, 3-орунду Гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттери Камалова Жаркынай, Султанова Перизат, Ысманова Нуриза жана Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун студенти Толонбаева Айназик камсыз кылышты.

Кызыктыруучу сыйлыктарга архитектура жана курулуш факультетинин жаштар командасы, табигый-техникалык факультетинин жаштар командасы жана Гуманитардык-технологиялык колледжинин студенти Микенов Канимет ээ болушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть