20:39 31 октября 2022

Кадамжайдагы №33 А.Навои мектебинде «Берекелүү алтын күз» сынагы өткөрүлдү

28-октябрь күнү Кадамжай районундагы А.Навои атындагы №33 орто мектебинде күз майрамына карата «Берекелүү алтын күз» деген темада иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

Мектептин окуучулары жашылча-жемиштерден ар түрдүү боюмдарды жасашып, сүрөт тартышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

«Мыкты композиция», «Мыкты сүрөт» номинациялары боюнча сынак болуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Жыйынтыгында 5-«В», 2-«А», 10-«А» класстары «Мыкты композиция» боюнча алдыга чыгышты. 9-«Б», 7-«Б» жана 5-«А» класстардын окуучулары «Мыкты сүрөт» номинациясында байгелүү орундарды камсыз кылышты.

Жеңүүчүлөргө мектеп администрациясы тарабынан грамоталар жана белектер тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть