15:35 4 ноября 2022

ОшМПУнун колледжинде күз жарманкеси болуп өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде «Аярлуу да, ажарлуу да алтын күз» аталышында күз жарманкеси болуп өттү.

Иш-чара колледждин жаштар комитети менен биргеликте «Дене тарбия жана табигый илимдер» кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окутуучулар жамааты жана 1-курстун студенттери катышты.

Жарманкеде катышуучулар жобого ылайык күз берметин чагылдырган жалбырактардан жасалган кооз көргөзмөлөрдү, мөмө-жемиштерден жасалган түрдүү даамдарды, икебаналарды стол үстүнө жайышты. Бул менен бирге күзгү мода көргөзмөсүн тартуулашып, жагымдуу чыгармаларды аткарышты.

Ал эми калыстар тобу ар бир тайпанын чыгармачылыгына, даярдыгына карата упай берип, жыйынтыгында эң мыкты 3 тайпага байгелүү орундарды ыйгарып, диплом жана баалуу белектерди тапшырышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть